Институт Математики

picma.ru | 1joomla.ru
Панков Павел Сергеевич PDF Басып чыгаруу E-mail

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор. Панков Павел Сергеевич, 1950-жылы туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин механика-математикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1969-жылдан бери Республиканын илимдер академиясында иштейт. Азыркы учурда - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика Институтунун эсептөө математика лабораториясынын башчысы.

Физико-математикалык илимдердин кандидаты (1972), 01.003 - дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер адистиги боюнча.

Физико-математикалык илимдердин доктору (1988), 01.01.09 - математикалык кибернетика адистиги боюнча.

Профессор (1995).

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү (1997).

Илимдердин 8 кандидатын жана 2 докторун даярдаган.

 

Сыйлыктар жана ардактуу наамдар:

Кыргызстандын Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты (1975).

Кыргызстандын эл агартуусунун отличниги (1982)

СССРдин эл агартуусунун отличниги (1986)

И.Арабаев атындагы сыйлык (1997)

Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгы (1998)

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы (1999)

«Кыргыз Республикасына 10 жыл» эстелик белгиси ( 2001)

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2003)

И.К.Ахунбаев атындагы академиялык сыйлык (2003).

КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2017).

 
Институт Инсандар Панков П.С.

2019 ©  Математика Институту