Институт Математики

picma.ru | 1joomla.ru
ИМАНАЛИЕВ Мурзабек Иманалиевич (1931-2017) PDF Басып чыгаруу E-mail

Imanaliev

М.И. Иманалиев Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында 1931-  жылдын  13-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Мамлекеттик университетин 1950-жылы артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин Москва Мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Мамлекеттик университетинин  аспирантураларында окуган, 25 жашында кандидаттык  диссертациясын коргогон. 1957-жылдан баштап мугалим, КМУнун доценти, Фрунзедеги политехникалык институттун проректору болгон. 1964-жылы доктордук диссертациясын жактаган. М.И.Иманалиев 1965-жылдан баштап профессор, КМУнун кафедра башчысы. 1966-жылдан баштап  М.И.Иманалиев  10 жылдан ашуун Республикалык илимдер Академиясынын Физика-математика институтун жетектеген. 1976-1979- жылдары ал КМУнун ректору, андан соң 1979-1986-жылдар Республикалык илимдер Академиясынын  президенти болгон. 1984-жылдан 2016-жылга дейре Улуттук илимдер Академиясынын  Математика институтунун директору. 1979-жылы Республикалык илимдер Академиясынын анык мүчөсү, 1981-жылы СССР Илимдер академиясынын (азыркы - Россиялык илимдер академиясы) корреспондент-мүчөсү  болуп шайланган. Ал Америкалык математикалык коомдун мүчөсү, «Mathematical Reviews» журналынын редколлегиясынын мүчөсү болгон.

300дөн ашуун илимий эмгектерди, анын ичинде алты фундаменталдык монографияларды жарыкка чыгарган. Анын илимий эмгектери АКШ, Россия, Франция, Германия ж.б. өлкөлөрдүн белгилүү илимий басмаларында жарык көргөн,  Практикада, анын ичинде космостук жана согуштук техникалык сфераларда кеңири колдонулган. 50дөн ашык илимдин кандидаттарын, 20дан ашык илимдин докторлорун даярдаган жана алар мурунку СССРдин бардык мамлекеттеринде жана жакынкы чет мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

М.И.Иманалиевдин ишмердүүлүгү математика илими  үчүн актуалдуу болгон дифференциалдык жана интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы жана алардын илимдин ар түрдүү тармактарына колдонуштарынын проблемалары менен байланышкан. М.И.Иманалиев ошондой эле эл агартуунун жана илимдин көрүнүктүү уюштуруучусу, жалпы орто мектептердин  базистик  математика  курсунун  кыргыз тилиндеги  программасынын жана окуу китептеринин автору.

Илимий-уюштуруучулук, илимий жана педагогикалык  ишмердүүлүгүндөгү  жемиштүү иштери үчүн  М.И.Иманалиевге   «Кыргыз  Республикасынын  илимине эмгек сиңирген ишмер » деген ардактуу  наам ыйгарылган, көптөгөн  Мамлекеттик сыйлыктар берилген, алардын ичинде «Эмгек Кызыл Туу» ордени, СССРдин медалдары, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешинин Ардак грамоталары, I жана III даражадагы Манас ордени, Кыргыз Республикасынын Президентинин «XX кылымдагы өзгөчө илимий жетишкендиктери үчүн» ардактуу алтын медалы,  Кыргыз Республикасынын  илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгы бар.
 
Институт Инсандар Иманалиев М. И. Информация

2019 ©  Математика Институту