Институт Математики

picma.ru | 1joomla.ru
Тескери маселелер лабораториясы PDF Басып чыгаруу E-mail

Лаборатория 1976-жылы түзүлгөн. Лабораториянын биринчи жетекчиси ф.-м.и.к. М. Жураев болгон, андан кийин лабораторияны 10 жыл Кыргыз УИАнын  корреспондент-мүчөсү А.И.Боташев 1996-жылдан 2018-жылдын январь айына чейин ф.-м.и.д., профессор А.Асанов жетектеген, азыркы учурда ф.-м.и.д., доцент З.А.Каденова жетектөөдө.

Laboratorya TOZ1

Лабораториянын түзүлүшү жана анын андан аркы өнүгүшү Новосибирск илимий изилдөө мектеби менен тыгыз байланышта, анда лабораториянын кызматкерлери (М.Жураев, Э.Р.Атаманов, А.Асанов, О.Ш.Мамаюсупов, Б.Р.Табалдыев, А.Дж.Сатыбаев) илимий стажировкалардан өтүшкөн. Лабораторияда бир нече багыт боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн: биринчи түрдөгү интегралдык теңдемелер, Вольтерранын биринчи жана үчүнчү түрдөгү интегралдык жана оператордук теңдемелери, ошону менен бирге интегралдык геометриянын теңдемелери (томография) (А.Асанов, А.Сражидинов жана алардын окуучулары).

Классикалык эмес жана жекече туундулуу теңдемелердин тескери маселелерин М.Жураев, Э.Р.Атаманов, А.Асанов, О.Ш.Мамаюсупов, Б.Р.Табалдыев, Б.А.Аблабеков жана алардын окуучулары изилдешкен. Тескери маселелердин сандык учурларын  А.Дж.Сатыбаев изилдеген.

Бул эки багытты изилдөөнүн жыйынтыктары беш монография менен жыйынтыкталган жана анын төртөө Япониядан жана Голландиядан англис тилинде жарык көргөн. А.И. Боташев көп өлчөмдүү бутактануунун көйгөйлөрү жөнүндө жаңы усулдун автору болгон. Бул жыйынтыктары анын монографиясында жазылган. А.Алымбаев чектик маселелерди изилдөөнүн сандык, сандык-аналитикалык усулдарынын негизинде бир нече жыйынтыктарды алган.

Т.Сыдыков жана К.Белеков сызыктуу эмес дифференциалдык теңдемелерди асимптотикалык усулдун негизинде изилдеп, жыйынтыктарды алышты.

А.М.Абдукаримов ДТ жана ИДТ жекече туундуларын чектелбеген областа изилдөөдө.

Лаборатория илимий адистерди жана ЖОЖ окутуучуларын даярдоодо ийгиликтүү иш алып барууда. Профессор А.Асановдун жетекчилиги  менен 2 доктордук жана 7 кандидаттык диссертация корголду. З.А.Каденова эки өзгөрүлмөлүү биринчи түрдө интегралдык теңдемелерди ар түрдүү аймактарда изилдөөдө.

Андан сырткары лаборатория Республиканын мектептери жана ЖОЖдору үчүн математика боюнча окуу китептерин даярдоого катышып келүүдө. Алгебра боюнча кыргыз тилинде  эки, 9 жана 11 класстар үчүн (М.И.Иманалиев, А.Асанов, С.Искандаров, К.Жусупов) чыгарылды.

А.Асанов Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн 7 окуу куралын чыгарды.

Илимдин жана техниканын кынтыксыз өнүгүүсү үчүн корректүү эмес коюлган маселелерге тиешелүү теңдемелердин жаңы классын окуп үйрөнүү жана изилдөө зарыл. Бул маселелерди чечүү үчүн лабораториянын кызматкерлери ушул багытка басым жасап келет.

 
Институт Лабораториялар Тескери маселелер

2019 ©  Математика Институту