Эсептөө математика лабораториясы Басып чыгаруу

1966-жылдан 2017-жылга чейин лабораторияны КР УИАсынын академиги, ОИАсынын корреспондент-мучөcү М.И.Иманалиев жетектеген. Ал илимдин 36 кандидатын жана 15 докторун чыгарган.
2017-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын УИАсынын корреспондент-мучөcү П.С. Панков жетектейт. Ал илимдин 8 кандидатын жана 2 докторун чыгарган.

Лабораторияда сингулярдуу козголгон системалардын чыгарылыштарынын асимптотикалык ажыралыштарын тургузуунун усулу иштелип чыккан, анын негизинде кичи параметрлүү дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер системалары үчүн көптөгөн баштапкы жана четтик маселелердин чыгарыла тургандыгынын шарттары алынган. Биринчи түрдөгү интегралдык теңдемелер үчүн жалпыланган чыгарылыштар теориясы тургузулган.

Компьютердеги далил боло алуучу эсептөө усулу жасалган, анын жардамы менен математиканын ар түрдүү бөлүмдөрүндө белгилүүлөрдү өркүндөтүүчү же мурдагы көйгөйлөрдү чечүүчү натыйжалар алынган.
Ар түрдүү сызыктуу эмес жекече туундулуу теңдемелер, теңдемелер системаларын жана аларга келтирилүүчү теңдемелерди эффективдүү изилдөө үчүн кошумча аргумент ыкмасы түзүлгөн.

Алгачкылардан болуп динамикалык системалар теориясында жаңы эффектерди жана кубулуштарды издөө ыкмасы иштелип чыккан жана «эффект» жана «кубулуш» түшүнүктөрүнүн жалпы аныктамалары киргизилген. Асимптотикалык сепаратриса, чектик катмардын айлануу кубулушу, чектик катмардын тереңдөө кубулушу, чачыратуу кубулушу, бифуркация, сингулярдуу цикл, сингулярдуу козголгон теңдемелер үчүн кичи параметри нөлгө умтулганда теңдеменин чыгарылышынын бир нече пределдеринин болушу, аналитикалык функциялуу жылуулук өткөргүч теңдемеси үчүн баштапкы маселесинин корректүүлүгү жана биринчи түрдөгү интегралдык теңдемелер келтирилген.

Табылган «көпчүлүк эффектисинин» (компоненттеринин саны 100-150) негизинде: синергетиканын жардамы менен иргөө кубулушу, заряддардын саны жетишерлик (100дөн) көп болгондо, алардын акыркы жайгаштыруусу регулярдык тор түрүндө пайда болушу айкындалган. Механикалык таң калыштуу тартып жакындаткыч ишке ашырылган.

Str_att2

Белгилүү топологиялык мейкиндиктер жана көптүктөр категорияларынын негизинде теңдемелердин категориясынын жаңы түшүнүгү берилген, теңдемелердин категориясынын негизи тургузулган. Кинематикалык топологиялык мейкиндиктердин аныктамасы киргизилген. Компьютерде мындай мейкиндиктердин интерактивдүү чагылдыруусу жасалган.
lvm

Дээрлик таасир этилүүчү системаларында энтропиянын өсүшү үчүн төмөнкү баасы алынган. Кыргызстанда окуу жайларында компьютерде кыргыз тилиндеги сөз түзүлүшүнүн бир алгоритми өздөштүрүлгөн жана ишке киргизилген, кыргыз тилинин түшүнүктөрүнүн математикалык жана компьютердик моделдери тургузулган, алардын негизинде кыргыз тилинин интерактивдүү чагылдыруусу иштелип жатат.

Ойлоп табууга автордук күбөлүк алынган. 1200дөн ашык макалалар жарыяланган, анын ичинде 70тен ашыгы четте, 10 монография. Лабораториянын кызматкерлери илим жана техника аймагында эки мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. Лаборатория эл аралык жана бүткүл союздук конференцияларды жана конгресстерди уюштурууда активдүү катышкан. Окуучулар жана студенттердин математика жана информатика боюнча эл аралык денгээлдеги олимпиадаларды өткөрүүгө катышат.