Кыргыз тилин компьютерлештирүү боюнча топ Басып чыгаруу

Информатика боюнча мектеп окуучулары yчyн СССРдеги биринчи мертебе өткөрүлгөн республикалык олимпиадага байланыштуу,  кыргыз тилин компьютерлештирүү боюнча изилдөө Институтта 1987-жылда башталды. Андан кийин, Институтта кыргызча сөз түзүүнүн бириккен алгоритми жазылды жана компьютерге жүзөгө ашырылды; кыргызча сөз түзүү боюнча окутуучу-текшерүүчү программа сабак берүүгө жайылтылды.

КР УИА Президиуму тарабынан финансыланган «Кыргыз тилинин грамматикасын компьютерлештирүү жана кыргыз тилинин негизги түшүнүктөрүн интерактивдүү алгоритмдик  көрсөтүү» долбоорун аткаруу үчүн 2007-жылда топ уюштурду.

Ушул кездеги, П.С.Панков,  Г.М.Кененбаева, С.А.Карабаева, Б.Ж.Баячорова жана Ф.Т.Назарбаевдердин катышуусу менен, изилдөөнү өткөрүп жүрөт.

Кээ бир изилдөө  университеттердин студенттеринин  бүтүрүүчү иштеринин түрүндө аткарылды.

Жасалган программалар Кыргызстандагы жана чет өлкөлүк окуу жайларында колдонулуп жүрөт.