Aкадемик А.А.Бөрүбаевдин 70-жылдыгына арналган Эл аралык конференция Басып чыгаруу

Академик А.А.Бөрүбаевдин 70-жылдыгына арналган «Азыркы математиканын көйгөйлөрү жана анын колдонуштары» деген эл аралык илимий конференция Бишкек шаарында жана Булан-Сөгөттү айылында, 2021-жылдын 15-19-июнунда болду. Анда Кыргызстандан, Казахстандан, Өзбекистандан, Орусиядан, Түркиядан, Азербайжандан, Украинадан окумуштуулар катышты. Тезистердин жыйнагы жарыяланды.